Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 16-ноябры ПТ № 221

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

1. 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жана аны ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ алты айлык мөөнөттө 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны, аны ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.

3. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жумушчу топко маалыматты суроого жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жана аны ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Адыл уулу Кубан

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Аскарова Зарема Аликовна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Тентишев Бакыт Эркинович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

Жакыпов Манас Жакыпович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

Сейитов Чоро Сейитович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

Бийбосунов Адылбек Качкынбекович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Раматов Мурат Садинович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары;

Усеков Уланбек Абдилазизович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;

Шабданбеков Тимур Маратович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Календеров Улугбек Ибраимович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Джангазиев Бакыт Ишенович

-

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Досалиев Акуналы Атамырзаевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Байгазиев Талайбек Аскарович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кожомуратов Замирбек Кубанычович

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Ширинбаева Алия Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;

Ахметов Белек Кубатович

-

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;

Масалбеков Каныбек Толубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси;

Искаков Эркин Бакбурович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчисинин орун басары;

Айтиев Шухрат Анварович

-

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) орун басары;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Муканова Нурипа Алиевна

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы;

Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович

-

Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысынын милдеттерин аткаруучу;

Сартмаметов Бакытбек

-

"Бизнес-ассоциация ЖИА" юридикалык жактардын бирикмесинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Кубатбеков Кутман Бактыбекович

-

"Адилет" укуктук клиникасынын юристи (макулдашуу боюнча);

Кулжабаев Марат Жусупович

-

көз карандысыз эксперт;

Узакбаев Улукбек Камчыбекович

-

көз карандысыз эксперт.