Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

кеңештин I чакырылышы II сессиясы

2024-жылдын  25-декабры № 8

 

Чаек айыл аймагында жайгашкан Мин-Теке жайлоосуна караштуу жайыттарды корукка алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин  жетекчиликке алып, Чаек айыл аймагында жайгашкан Миң-Теке жайлоосуна караштуу жайыттарды корукка алуу жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чаек айыл аймагында жайгашкан Миң-Теке жайлоосуна караштуу жайыттар такырайып, чөп чыкпай калгандыктан, эс алдыруу үчүн 2025-жылдын апрель айынан баштап 2028-жылдын апрель айына чейин үч жылдык мөөнөткө корукка алууга макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев