Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН  

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН    

III–СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын   23- январындагы айы №2

 

Балыкчы шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 менен бекитилген, Жергиликтүү кеңештердин Типтүү Регламентине ылайык, социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту  сактоо,  мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына 34-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Балыкчы  шаардык  Кенешинин Регламенти бекитилсин.
  1. Балыкчы шаардык кеңешинин 2024-жылдын 18-марттагы №2  “Балыкчы шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде  кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  1. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
  1. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө  алуу шаардык  Кеңештин аппаратына   тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы                                                 _________ Д.Ж.Аманалиев