БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
III–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-январындагы №3
Балыкчы шаардык Кеңешинин 2025-жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 буйругу менен бекитилген усулдук колдонмого ылайык, Балыкчы шаардык Кеңешинин 2025- жылга карата түзүлгөн иш планын карап, талкуулап Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаардык Кеңешинин 2025-жылга иш планы1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
- Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _______ Д.Ж.Аманалиев