Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

кеңештин I чакырылышы II сессиясы

2024-жылдын  25-декабры № 13

 

“Чаек” муниципалдык ишканасынын З.Моношовдун кайрылуусу боюнча Көк-Ой айылындагы жаңы келген кичи автобустун жана эски кичи автобустун каттамын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Чаек” муниципалдык ишканасынын З.Моношовдун кайрылуусу боюнча Көк-Ой айылындагы жаңы келген кичи автобустун жана эски кичи автобустун каттамын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебине Кичи-Арал айылынан окуучуларды ташып келүү үчүн жаңы келген кичи авобуска  бир күндө төрт жолу каттам жүргүзүүгө макулдук берилсин.

 

2. Көк-Ой айылынын окуучуларын ташыган эски кичи автобусту Арал айылынан Чаек айылына чейин жүргүнчүлөрдү ташып элге кызмат кылуу максатында жана Арал, Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз айылдарынан Чаек айылына келип, кетип окуган окуучуларды ташуу максатында (местный автобус катарында) төмөндөгүдөй график менен бир күндө үч жолу каттам жүргүзүүгө макулдук берилсин.

Кичи автобустун графиги:

Арал 7.30-Көк-Ой 7.45-Кызыл-Жылдыз 8.00-Бештерек 8.10 Бештерек-Чаек8.25;

Чаек12.30 –Бештерек 12.45 Бештерек12.50-Арал 13.30;

Арал 13.30 – Көк-Ой 13.50;

Көк-Ой 16.30 – Чаек 16.50;

Чаек 18.00 – Арал 18.30.

Келишимдин негизинде бул эски кичи автобустун айдоочусу айлык акысын, күйүүчү майын жана запастык бөлүктөрүн өзүнүн эсебинен каржылайт, ушуга байланыштуу Арал – Чаек каттамы чоң кишилер үчүн -60 сом, окуучулар үчүн -40 сом, Көк-Ой – Чаек чоң кишилер үчүн -40 сом, окуучлар үчүн -20 сом, Кызыл-Жылдыз – Чаек чоң кишилер үчүн 20 сом, окуучулар үчүн 10 сом тариф менен каттоого макулдук берилсин.

 

3.Бул   токтомдун  аткарылышын   камсыз кылуу жагы  Чаек    айыл өкмөтүнүн   башчысы Т.Кучмуратовго   милдеттендирилсин

Төрага

А. Муталиев