Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН  

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  

III–СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 23- январындагы №7

 

Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчёту жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 19.12.2024ж. № 01-11/257 кат менен келген Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчётунун негизинде  экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери  боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык  карап, талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчёту эске алынсын.
  2. Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн  аудиттин отчёттук жыйынтыгына ылайык;

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларын бузууга жол берген айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин  карап, тийиштүү  административдик  чара көрүү жагы  Балыкчы шаарынын  мэри Арнабек уулу Азаматка сунушталынсын.

  1. Кыргыз Республикасынын  финансы Министрлигинин Балыкчы башкармалыгынын  башчысы- К.Ш. Кожомбердиевге;

Жергиликтүү  бюджетти түзүүдө  жана аткарылышында  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга  жол бербөө максатында  бирдиктүү  иш чараларды жүргүзүү  менен көзөмөлгө  алуу  милдеттендирилсин.

  1. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну шаардык Кенештин бюджет, экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери  боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы                                                                     Д.Ж.Аманалиев