Редакцияот 16.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  2- сессиясы

 

2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-6                                                                

 

Жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү

регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-февралындагы №80 токтомунун “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктөрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш – аракеттер планын” 2-пунктун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын  15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2-сессиясында Типтүү регламент жөнүндө маселе каралып жана талкууланды,  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү Жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү регламентинтиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, өзгөчө кырдаал боюнча, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 Төрага                                                                         А.Ш.Кыштобаев