ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-8
Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставдарын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ№370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө Жарлыгына ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы” жөнүндө Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставдары бекитилсин.(Тиркеме №1)
- Мыйзамга ылайык бардык тиешелүү иш – кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев