Редакцияот 23.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезексиз 3-сессиясы

 

2024-жылдын 23-декабрындагы №8                          

 

Садыр Аке  айыл аймагынын  жергиликтүү  бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н. Молдакматовдун  маалыматын угуп жана талкуулап Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

  1. 2024-жылдын 19-августунда селден жабыркап, көчүрүлүүгө туура келип

жана учурда Темир айылында курулуп жаткан 5 (беш) үйдүн жылытуу системасына Аппарат бөлүмүнүн 27213100 «Калкка жеңилдиктер жана жеңилдиктердин ордуна компенсация» беренесине 500 000 (беш жүз миң) сом атайын эсеп счетуна жардам катары түшкөн акча каражаттан каралып, бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана 

мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы

Н.Молдакматовго жана ФЭБнүн башчысы Н. Сыдыковага тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы,

экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары                Б. Абиев