САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз 4-сессиясы
2024-жылдын 26-декабрындагы №12
Таштанды ташуучу унааны лизинг жолу менен насыяга алуу жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Садыр Аке айыл аймагына лизинг компания аркылуу Sinotruk Howo
ZZ5193ZYS4714Y үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унааны лизингге алууга уруксат берилсин.
- Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 2 647 500 (эки
миллион алты жүз кырк жети миң беш жүз) сом, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунан өздүк салым катары 2 165 000 (эки миллион бир жүз алтымыш беш миң сом) бөлүп берүү жагы суралсын.
- Тиешелүү иш кагаздардын даярдоо жагы Садыр Аке айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
- Лизингтин негизги каражатын жана пайыздарын жергиликтүү
бюджетинин эсебинен бөлүп берүү жагы Садыр Аке айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовго жана ФЭБнүн башчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н. Молдакматовго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы,
экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Б. Абиев