Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын  XXXI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 28-январындагы № 31/5-10

 

Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №30/32-13 Токтому менен бекитлген Уставына өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергилктүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 «Жергиликтүү жамааттын типтүү уставы» жөнүндө буйругуна ылайык, шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк,укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап  Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

 

                                                    Токтом кылат:

 

1.     Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №30/32-13 Токтому менен бекитилген Уставынын 3 “Чолпон-Ата шаарынын аймагынын чектери” пуктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү-толуктоо киргизилсин.

- Шаардын аймактын чек араларынын чектериндеги жерлерди

1 бөлүктү өзүнө камтыйт.

 

3.2. Шаардын аймагы МАИ постунан баштап Бостери конушунун МКС

“RedPetrolium”га чейинки аралыкты камтыйт деген сөздөрү

    менен  толукталсын.

 

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    Төрага                   Э.Молдобеков