Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу №11-7

Үгүт айылынын тургуну Нургазиев Исламбек, Кожомамбетов Адылбекке айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага жер берүү жөнүндө

 

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин  ХI -cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Үгүт айылынын аз камсыз болгон тургундары Нургазиев Исламбек, Кожомамбетов Адылбекке айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен түз берүү аркылуу ижарага 1 га дан жер берилсин.

2.Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага:

 

Ч. Азимжанов