Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу №11-15

 

Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга жергиликтүү бюджетнин киреше бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы жана 2025 -2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша долбоорун бекитүү  жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтү  ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык жана Баетов айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылга Баетов айыл   аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы  жана  2025-2026-2027-жылдарга  карата киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Баетов айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсү канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Баетов айыл ѳкмѳтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы,  2025-2026-2027-жылдарга  карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышы тѳмѳндѳгүдѳй суммада бекитилсин:

 

                Киреше түрүнүн аталышы

2024-жылга күтүлүүчү  суммасы

2025-жылга

долбоор

2026-жылга

долбоор

2027-жылга долбоор

1.Киреше салыгы

34094,4

30684,9

30700,0

30900,0

2.Бирдиктүү декларациядан киреше салыгы

60,9

61,0

62,0

63,0

2.Патент

  400,0

405,0

410,0

410,0

3.Кыймылсыз мүлк салыгы

65,5

70,0

72,0

72,0

4.Ишкердик үчүн пайдалаланылган мүлккѳ салык

136,0

136,0

136,0

137,0

5.Транспорт салыгы

1213,0

1217,4

1217,4

1222,4

6.Огород салыгы

481,1

480,0

480,0

480,0

7.Жер салыгы

0,0

632,1

632,1

632,1

8.АЧБ эмес жерге салык

894,0

573,0

573,0

573,0

9.Калктуу конуштагы аренда акы

36,0

36,0

36,0

36,0

10.Жер казынасына лицензиялар

0,0

0,0

0,0

0,0

11.Жайыт арендасы

1765,8

1768,0

1770,0

1772,0

12.КБФ нун арендасы

550,0

620,0

680,0

750,0

13.Алыскы жайыт аренда акысы

0,0

0,0

0,0

0,0

14.Таштанды чыгаруу салыгы

144,0

0,0

0,0

0,0

15.Атайын каражаттар

4900,0

4905,0

4910,0

4920,0

16.Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн

563,2

0,0

0,0

0,0

Баардык  жергиликтүү киреше:

45303,9

41588,4

41678,5

41967,5

Теңдештирүүчү грант

    12047,7

24650,0

26000,0

28000,0

Жалпы киреше

57351,3

66238,4

67678,5

69967,5

 

       2024-жылга киреше бѳлүгүнүн жергиликтүү салыктар   жана тѳлѳмдѳрдѳн күтүлүүчү суммасы болжол менен   45303,9 (кырк беш миллион  үч  жүз үч миң тогуз жүз)сом; 2025-жылга  41588,4 (кырк бир  миллион беш жүз сексен сегиз миң тѳрт жүз)сом; 2026-жылга  41678,5 (кырк бир миллион  алты жүз  жетимиш сегиз   миң беш  жүз) сом жана 2027-жылга  41967,5  ( кырк бир миллион тогуз  жүз алтымыш жети  миң беш жүз ) сом болуп бекитилсин.

3. 2024-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү  үчүн жетпеген каражат 12047,5 млн сомду грант менен толуктап берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгына тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Т.С.Сабыровго милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага:

 

Ч. Азимжанов