Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу №11-18

 

Аймактык территориалдык реформанын негизинде Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен берилген 10000000 (он миллион) сом акча каражатынан экономдолгон сумманы пайдалануу жөнүндө

 

 Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин                   ХI -cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Аймактык территориалдык реформанын негизинде Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен берилген 10000000 (он миллион) сом акча каражатынан экономдолгон 200 (эки жүз) миң сом акча каражатына Терек айылындагы жолдун жээгиндеги терек-бактардын айланасын тосууга пайдаланылсын.

2.  Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага:

 

Ч. Азимжанов