ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 10
Чоң-Кара айылынын чыгыш батыш тарабындагы 0,04 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевдин 20.02.2023-жылдын №04-27/326 катынын негизинде өкмөт башчынын сунушун угуп, депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Кара айылынын чыгыш батыш тарабында жайгашкан 0,04 га таштуу жайыт жер аянтын которууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | Н.Артыков |