Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясынын

 

2024-жылынын 28-ноябры №01-5/05

 

«Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө»

 

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектеги I сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271-Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында боло турган III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштурууга жумушчу топтун курамын жана анын графигин бекитүү, III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү күнүн белгилөө боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 271-Жарлыгы аткарууга алынсын.

 

  1. Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө төмөндөгү курамда жумушчу топ түзүлсүн;
  1. Абдуразаков Нургазы Абдуразакович -Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
  2. Мадосмонов Маматказы – жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;

3. Каныбеков Канатбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

  1. Шамаматова Зиягуль - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

5. Мамашов Аслбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

  1. Уларбек кызы Айгерим - шаардык Кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү;
  2. Абдимуратов Адилет - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
  3. Нышанов Мирлан - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

9. Турдуматова Чыныгуль - шаардык Кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү;

10. Топчубеков Элдос - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

11. Талиев Yсөн - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

12. Абдуллаева Асылкан - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

13. Тагаев Алманбет – шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

14. Бегнаев Медер - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

15. Бадышов Талантбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

16. Алкадыров Нурбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

17. Казыбекова Махабат - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

18. Айтбаев Азамат - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

19. Бөкөнбаев Жоробек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

20. Орозова Арзыкан - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

21. Таштемиров Адылбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

22. Маматкулов Санжарбек - шаардык Кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү;

23. Караева Айжан -  комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү иш-чарасы жана графиги бекитилсин.

 

  1. 2024-жылдын 04-декабрынан 2024-жылдын 05-декабрына чейин эки күндүк мөөнөттө түзүлгөн графике ылайык кварталдарда коомдоштуктун жыйыны өткөрүлсүн жана Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлдөрдүн саны 100 өкүл деп белгиленсин.

 

  1. Кварталдарда өткөрүлгөн коомдоштуктун жыйындарынан ар бир кварталдан окүлчүлүктүү жыйынга 14төн өкүл, төртүнчү жана алтынчы кварталдара 15тен өкүл шайлансын жана өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорун шаардык Кеӊешке тапшырышсын.

 

  1. 2024-жылдын 07-декабрь күнү Кочкор-Ата шаардык «Нефтчи» маданият үйүндө саат 10ººдө Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү күнү деп белгиленсин.

 

  1. Жыйндарды жана чогулуштарды өткөрүүгө материалдык-техникалык жактан керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу жагын шаардын мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу уюштуруу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

                  Н.А. Абдуразаков