БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XII сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры № 12-5
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү Аймак 2” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдү жакшыртуу үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында, Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин ХII-сессиясы токтом кылат:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).
3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Жобого ылайык айыл аймактын чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы Баетов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алууну өзүмө калтырамын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы
- Т.Байбагышов– Кайыңды-Булак айылынын тургуну,топтун жетекчиси.
- А.Молдалиева - орун басар-жооптуу катчы, топтун мүчөсү
- К.Тиленбаева-Баетов айылдык кеңешинин депутаты, топтун мүчөсү
- К.Бугубаев- Баетов айылынын Аксакалдар сотунун төрагасы-топтун мүчөсү
- Т.Кожоев- Терек айылынын айыл башчысы – топтун мүчөсү
- Ж.Ажиева –айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү
- А.Боталиев-айыл тургуну –Терек айылынын тургуну топтун мүчөсү
- К.Боталиев – Кайынды-Булак айыл башчысы – топтун мүчөсү
- Б.Рыскулова -Кайыңды-Булак айылынын тургуну
- У.Медербеков– Байгөнчөк айыл башчысы – топтун мүчөсү
- Т.Букараева– айылдык кеңештин депутаты - топтун мүчөсү.
- К.Мусаев-Байгөнчөк айылынын тургуну
- Ө.Чыныбаев – Үгүт айыл башчысы , топтун мүчөсү
- Э.Темир уулу-айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү
- А.Байборуева – айыл тургуну, топтун мүчөсү
Тиркеме 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын «05» сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер, муниципалдык ишканалар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарбынан жүргүзүлөт.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында ачык жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.
II. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун
максаттары жана милдеттери.
2.1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;
3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин коомдук баалоо;
4) коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү.
2.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;
3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар, жаштар, улгайгандар, жумушсуздар, ДМЧА жана башкалар) тарабынан канааттануунун деңгээлин изилдөө;
5) социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн пландарын жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган чектөөлөрдү четтетүү, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;
6) иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канааттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.
III. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги
принциптер жана талаптар.
3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумпциялоо;
иштин ыктыярдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМжБ топторунун объективдүүлүгү, кынтыксыздыгы жана ак ниеттүүлүгү;
коомдук талкуулоонун жана анын натыйжаларынын айкындыгы, ачыктыгы;
БМжБ тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМжБ тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.
3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:
баштапкы маалыматтын объективдүүлүгү жана жетиштүүлүгү;
маалыматтын кошумча булактарын тартуу;
мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын дайыма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнүн жол берилбестиги.
IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана объекттери.