Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы

 

2024-жылдын 12-янвры № 25-3

Ноокат райондук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган долбоорго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат райондук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Көк-Жар айылындагы К.Жолдошова атындагы ички жолду капиталдык ремонттоо үчүн, өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз мин) сом жана элдик салым катары элдерден 200 000(эки жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү максатында бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат райондук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Көк-Жар айылындагы К.Жолдошова атындагы ички жолду капиталдык ремонттоо үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 300 000 (жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Элдик салым катары элдерден 300 000 үч жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнүн атайын эсептик счетуна которулуп берилсин.

3.Акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р. Арапов