КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 26-18
Көк-Жар айылындагы жаңы конуштун көчөсүн «Ынтымак 3»
көчөсү деп атоо жөнүндө
Көк-Жар айылындагы жаңы конуштун көчөсүн «Ынтымак 3» көчөсү деп атоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылындагы жаңы конуштун көчөсүн «Ынтымак 3» көчөсү деп атоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго, айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Р. Арапов |