Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы № 26-22

Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган долбоорго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ош облустук  өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Көк-Жар айыл аймагына пайызсыз ссуда аркылуу атайын техникаларды сатып алууга, 6 108 270 (алты млн бир жүз сегиз миң эки жүз жетимиш) сомду 3 жылга, 2024-2025-2026-жылдарга тең бөлүп   жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша  акча каражатын бөлүп берүү максатында   бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун  угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош облустук  өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Көк-Жар айыл аймагына пайызсыз ссуда аркылуу атайын техникаларды сатып алууга,  жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдан 2024-жылга карата калдыктын эсебинен 1 527 069 (бир млн беш жүз жыйырма жети миң алтымыш тогуз) сом акча  каражаты ажыратылып жана 3 кварталга бөлүнүп которулуп берилсин.

  2. Акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р. Арапов