Редакцияот 10.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 Кеңештин ХХIX чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жылдын 10-декабры  № 2/7

 

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын  кеңейтүү сунушу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине  ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун орун басары Ж. Кырбашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине  ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүүгө Дөбөлү айыл аймагына тиешелүү болгон тик бурчтуу координаттар системасындагы 30 012 га жерлери жалпы элдин маакулдугусуз эч бир жакка өткөрүлүп  берилбесин.

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Б. Шералиев