Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2025-жылынын 10-январы №2

 

«Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Арыкмолдоева Ульзананын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Арыкмолдоева Ульзананын айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2025-жылга карата иш планы бекитилсин.

 

2.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы

                  У.Токтожумаев