Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX

чакырылышынын  3-сессиясы

 

 2025-жылдын 24-январындагы  № 16                                                 

 

Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө  корктөндүрүү, калктуу конуштардын

таштандыларын ташып чыгаруу үчүн

чогулуучу жыйым тууралу

 

             “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 4 пункт “жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарга каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо” жана  2024-жылдын апрель  айынан  тартып административдик территориалдык реформанын негизинде мурдагы  Саруу айыл өкмөту  менен Кызыл-Суу айыл өкмөтү бириккендерине байланыштуу  жана  Кызыл-Суу айыл аймагында  таштандыларды тазалоо, чыгаруу иштерин  Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тазалык” муниципалдык  ишканасы менен иш  алынып барылып,  Кызыл-Суу, Саруу айылдарынын таштандылары бул ишкана аркылуу чыгарылып, эл бул ишканага таштанды үчүн салык төлөп жаткандыгына байланыштуу ар бир түтүндөн 36 сомдон жана  Кызыл-Суу айылында  жайгашкан  мекеме ишканаларда эмгектенген ар бир адамдан 25 сомдон алынуучу жашылдандыруу-көрктөндүрүү, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн чогулуучу жыйымды жою тууралуу жашоочулардын сунушун эске алып  жергиликтүү кенешинин сессиясы   

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ.

 

       1.Кызыл-Суу  айыл  өкмөтү боюнча ар бир тутүндөн 36 сомдон жана Кызыл-Суу айылында жайгашкан мекеме, ишканаларда эмгектенген ар бир адамдан 25 сомдон алынуучу калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн  жыйым 2025-жылдын январь айынан  баштап алынбасын.

 

        2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жана  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Т.Иманбаевге  тапшырылсын.

 

 

  Төрайым                                                                                           Г.Чыныбаева