НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 1
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды каржылоодон түшкөн каражатын Муниципалдык менчик департаментине бөлүштүрүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын Муниципалдык менчик департаментине бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен Муниципалдык менчик департаментине Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен 3112 (Спец) атайын техника сатып алуу үчүн 5 500 000 сом, стольба сатып алып, орнотуу иштери 146 100 (бир жүз кырк алты миң бир жүз) сом, жалпысы болуп 5 646 100 сом (беш миллион алты жүз кырк алты миң жүз) сом бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Мадмаров |