Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 2

 

Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды каржылоодон түшкөн каражатын “Ноокат Жылуулук” муниципалдык ишканасына бөлүштүрүү жөнүндө

 

Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын “Ноокат Жылуулук” муниципалдык ишканасына бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. 2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен “Ноокат Жылуулук” муниципалдык ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен

2222

Генератор сатып алуу үчүн

100 000

 

2221

Ноокат райондук сотунун имаратына линия тартып баруу

105 000

 

2222

Насос сатып алуу үчүн

320 000

 

2221

№42 көп кабаттуу үйгө жылуулук линиясын тартып баруу жумуштарына

200 000

 

2221

Ноокат шаарынын Ленин көчөсүнүнбатыш тарабындагы мамлекеттик мекемелерге жылуулук линиясын тартып баруу жумуштарына

 465 000

 

2215

Билим берүү мекемелеринен шлаг ташып чыгып кетүү

200 000

 

 

Жалпысы болуп 1 390 000 (бир миллион үч жүз токсон миң) сом бөлүштүрүлүп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

         Төрага

Б. Мадмаров