Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-майы № 01-5/160

Долбоорду приоритеттүү деп табуу жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Гагарин көчөсүн реконструкцилоо, Ленин көчөсүнөн Бишкек-Ошавто жолуна чыгуучу жолду ачуу, тротуарларды кеңейтүү жана шаар ичиндеги авто тыгындарды жоюу максатында сметалык баасы 13 194 599 сомду түзгөн даярдалган долбоордун элүү пайызын Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануусу боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын берген катына ылайык, шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын Гагарин көчөсүн Ленин көчөсүнөн Бишкек-Ош авто жолуна чейин жолун жана тротуарларын реконструкциялоо долбоору приоритеттүү деп табылып, Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын өздүк салымы катары 6 597 300 сом акча каражаты 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шардын мэри А.Т.Жумаевке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

         Төрага

Н.А. Абдуразаков.