Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-майы № 01-5/162

 

Футбол талаасын реконструкциялоо жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы тарабынан шаарыбызга заман бап футбол талаасын курууга берилген сунушту угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Насирдин Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин аймагындагы футбол талаасын реконструкция кылууга уруксат берилсин.

3. Курулуш иштеринин иш кагаздарын, үчүнчү тарап менен келишимдерин түзүүнү Кочкор-Ата шаардын мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага

Н.А. Абдуразаков.