Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-августу № 01-5/166

 Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, шаардык мэриянын жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарынан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен № 14 И.М.Губкин атындагы орто мектебинин имаратын, № 15 Беки уулу Семетей орто мектебинин имаратын оңдоп түзөө иштерине жана окуу куралдарын сатып алууга жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаардык мэриянын № 14 И.М.Губкин атындагы орто мектебинин имаратын, № 15 Беки уулу Семетей орто мектебинин имаратын оңдоп түзөө иштерине жана окуу куралдарын сатып алууга жазган кайрылуу каты эске алынсын.

2. № 14 Губкин орто мектебинин имаратынын фасадын актоо жумушу 2023-жылдын иш планына киргизилсин жана керектелүүчү 1 919 232 (бир миллион тогуз жүз он тогуз миң эки жүз отуз эки) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

3. № 15 Беки уулу Семетей орто мектебинин имаратынын коридорунун терезелерин ремонттоого 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана керектелүүчү акча каражатын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

4. № 15 Беки уулу Семетей орто мектебине окуу доска алып берүү 2023-жылдын иш-планына киргизилсин, окуу доскасын сатып алууга 262 500 (эки жүз алтымыш эки миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага

Н.А. Абдуразаков.