Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-августу № 01-5/168

Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, шаардык мэриянын шаарыбыздын Монтажная, Хилинская, Строительная жана Саратов көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнөн чыккан сыркынды суу түтүгүн борборлоштурулган канализацияга өз каражаттарынын эсебинен уланып, бирок борбордук канализацияга туташтырууда иштетилген техниканын кызмат акысын төлөөгө жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарынан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүүгө жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаардык мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.

2. Монтажная, Хилинская, Строительная, Саратов көчөлөрүндө сыркынды суу түтүгүн борбордук канализацияга туташтырууда иштетилген техниканын 645 000 (алты жүз кырк беш миң) сомду түзгөн кызмат акысын төлөөгө акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага

Н.А. Абдуразаков.