Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын  20-декабры №3/2

 

« Назаралиев(Үч-Коргон) айылдык кеңешинин 26.04.2022-жылдагы 5/7 токтомунун 7-пунктун жокко чыгаруу” жөнүндө»

 

“Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20 -декабрындагы  кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 10.12.2024-жылдагы №А24/172-04-00107 каршылык билдирүүсү эске алынсын.

2. Назаралиев (Үч-Коргон) айылдык кеңешинин 26.04.2022-жылдагы №5/7 токтомунун 7-пункту Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына каршы кабыл алынгандыктан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жокко чыгарылсын.

3. Мындан ары айыл өкмөтүнүн сунуштарын кароодо маселелердин тиешелүүлүгүнө жараша социалдык, экономикалык жана мыйзамдуулук негиздемесин кошуп кароо талап кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевге жүктөлсүн.

5. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

         Таштанбай уулу Манас