Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын уюштуруу I сессиясынын

 

2024-жылынын 27-ноябры №1

 

« Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө »

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен , Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I уюштуруу сессиясы  токтом кылат:                    

 

1. Эсептөө комиссиясынын, Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 3-протоколу бекитилсин.

 

2. Маленов Гулусбек Абдылдабекович Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин .

 

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Төрайымдык кылуучу:

                      К.Нурманбетова