Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын уюштуруу I сессиясынын

 

2024-жылынын 27-ноябры №4

 

« Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча

жергиликтүү коомдоштуктун жана өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы         №271 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги III Элдик Курултайга Үч-Терек айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин  IХ  чакырылышынын   I уюштуруу сессиясы токтом кылат:

 

1. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жана   өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүүдө айыл өкмөт боюнча калктын саны эске алынып, Үч-Терек айылы боюнча-25, Саргата-23, Кызыл-Ураан-23, Жетиген-23 жана Такталык-6 , жалпы өкүлдөрдүн саны 100 адамдан ашпоосу эске алынсын.

 

3.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында саат 10.00до Үч-Терек айылындагы Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залында өткөрүлүүсү белгиленсин.

 

 4. Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5.Түзүлгөн комиссиянын курамына Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча нускаманын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

 6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

                      Г.Маленов

 

 

Үч-Терек  айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын

2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №4 токтомуна 1-тиркеме

 

Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги

 

 

к/№

 

Айылдардын аталышы

Жыйындын өткөрүү убактысы

Жыйын өткөрүлүүчү жай

1

Үч-Терек

04-декабрь,

саат 10.00

Т.Абдиев атындагы маданият үйү

2

Саргата

04-декабрь,

саат 14.00

К.Токторалиев атындагы орто мектеби

3

Кызыл-Ураан

05-декабрь,

саат 10.00

С.Шүкүрбаев атындагы айылдык клуб

4

Жетиген

05-декабрь,

саат 13.00

К.Жуманазаров атындагы айылдык клуб

5

Такталык

05-декабрь, саат 15.00

Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектеби

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы: Ч. Үметалиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Үч-Терек  айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын

2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №4 токтомуна 2-тиркеме

Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

№

Аты-жөнү

кызматы

Жашаган жери

1

Маленов Гүлүсбек Абдылдабекович

Жумушчу топтун төрагасы

Кызыл-Ураан

2

Үметалиева Чолпон Бектенбаевна

Жумушчу топтун катчысы

Үч-Терек

3

Талипов Алмаз Саматович

Жумушчу топтун мүчөсү

Үч-Терек

4

Эсенжанов Максатбек Эсенжанович

Жумушчу топтун мүчөсү

Үч-Терек

5

Көкүлов Мурат Абдумаликович

Жумушчу топтун мүчөсү

Үч-Терек

5

Турдукулов Куралбек Канызбекович

Жумушчу топтун мүчөсү

Саргата

6

Кулманбетов Зыпарбек Маметкулович

Жумушчу топтун мүчөсү

Саргата

7

Сыдыков Талант Мелисович

Жумушчу топтун мүчөсү

Саргата

8

Качкынбаева Гүлнур Сайфудиновна

Жумушчу топтун мүчөсү

Кызыл-Ураан

9

Шералиева Оңол Журтчуевна

Жумушчу топтун мүчөсү

Кызыл-Ураан

10

Качкынбаев Элмир Акышович

Жумушчу топтун мүчөсү

Кызыл-Ураан

11

Султанкулова Нурийлакан Кадырбековна

Жумушчу топтун мүчөсү

Жетиген

12

Көлбаев Мыктарбек Абдыбапович

Жумушчу топтун мүчөсү

Жетиген

13

Кошоев Абдылдабек Акылбекович

Жумушчу топтун мүчөсү

Жетиген

14

Мундузбаева Наргиза Маратбековна

Жумушчу топтун мүчөсү

Үч-Терек

15

Жусупов Бейшенбек

Жумушчу топтун мүчөсү

Такталык

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

                      Г.Маленов