Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 1

 

Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 28.07.2023-жылдын №16 чыгыш сандуу, Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеп-счётуна пландан ашыкча түшкөн акча каражатына кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевдин 28.07.2023-жылдын №16 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеп счётуна алты айдын жыйынтыгына көрсөтүлгөн пландан ашыкча түшкөн 866 800 (сегиз миң алты жүз алтымыш алты миң сегиз жүз) сом акча каражатына кошумча план алуу жагы суралсын, суралган акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшоого уруксат берилсин

- Коргон-Төбө жайлоосундагы көпүрөнү оңдоо үчүн материалдарды сатып алууга 126 700 (жүз жыйырма алты миң жети жүз ) сом,

- Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кызматкерлеринин айлык акыларын жана социалдык, салыктык төлөмдөрдү төлөөгө.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Орозбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев