КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2023-жылдын 10-августундагы № 3
Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.07.2023-жылдагы №01-19/743 чыгыш сандуу “дан-Эл-Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Э.Карабаевдин 25.07.2023-жылдагы №4 кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.07.2023-жылдагы №01-19/743 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун 15.12.2023-жыла АГ-2пр буйругун мыйзам чегинде карап иш алып баруу Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |