Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 4

 

Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/810 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/810 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүү мектебине жаңыдан курулган от жагылуучу бөлмөсүнө КВ-170 квт от жагылуучу печкасын КВР-350 квт печкасына алмаштырылып жана сметада көрсөтүлгөн 428 400 (төрт жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты которулуп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев