Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 5

 

Кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу 1-пунктунда кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пункту эске алынсын.

 

2. Чаткал райондук мамлекетик администрациясынын 09.08.2023-жылдагы №01-23/2847 чыгыш сандуу катынын негизинде тоо кен ишканалары тарабынан 2023-жылдын меморандумунун эсебинен түшүүчү 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна кошумча план алууга жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан берилген жарандардын тизмесин карап, жардамга муктаж жарандарды аныктап керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Исабековго жүктөлсүн .(тиркеме тиркелет)

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат

сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев