Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августундагы № 6
Кызматтык үйлөрдүн айланасын королоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу 4-пунктунда Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан кызматтык үйлөрдүн айланасын королоо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу кайрылуусунун 4-пункту эске алынсын.
2. “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому менен 2023-жылга түзүлгөн меморандумунун эсебинен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счётуна түшүүчү 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатына кошумча план алууга жана кызматтык үйлөрдүн айланасын королоп тосууга чыгымдоого уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |