Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 11

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Асанова Гүлжамал Балтабаевнанын 08.08.2023-жылы сиңдиси Асанова Гульмира Балтабаевнанын ден-соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Асанова Гүлжамал Балтабаевнанын 08.08.2023-жылы жазган кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Айгыр-Жал айылынын тургуну Асанова Гүлжамал Балтабаевнанын бир тууган сиңдиси Асанова Гульмира Балтабаевнанын ден-соолугуна байланыштуу тез арада Индия мамлекетине барып боор алмаштыруу операциясын жасатуусуна акча каражатын карап берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4 Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев