Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 12

 

Айымбетов Шадыкан Аликеевичке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Айымбетов Шадыкан Аликеевичтин 09.08.2023-жылы ден-соолугуна байланыштуу жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Айымбетов Шадыкан Аликеевичтин 09.08.2023-жылы жазган кайрылуусу эске алынсын .

 

2. Каныш-Кыя айыл айылынын тургуну Айымбетов Шадыкан Аликеевичке операция жасап келүүсүнө 200  000 (эки жүз миң) сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев