Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 26-январындагы № 13

Арстанбап айыл аймагынын жаштарына шарт түзүү жөнүндө

Арстанбап айыл аймагынын жаштарынан Кеңештин атына келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Арстанбап айыл аймагында жашоочу жаштардын арасында кылмыштуулукту азайтууга жана аларды туура жолго багыттоого иш чаралар уюштурулсун.

2. Жаштарга спорт менен машыгууга шарт түзүү максатында Арстанбап айылынын борборундагы маданият үйүнүн Верандасы 1 (бир) жылга пайдаланууга берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко милдеттендирилсин.

 

 

Арстанбап айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

 

Ж.Абдухалилов