АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 26-январындагы № 12
Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жыл 6.09. №305 жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 ,,Улуттук тазалык күнүн жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-арекеттер планы жөнүндө” жарлыгын талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 ,,Улуттук тазалык күнүн жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирикчилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-арекеттер планы жөнүндө” жарлыгын аткарууга алуу максатында Арстанбап айыл аймагында көктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери боюнча иш планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко жана Арстанбап –Ата токой чарбасынын директору Б.А.Уметовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арстанбап айылдык Кеңешинин жер маселелери, экология,айыл жана токой чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Ж.Абдухалилов |