Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 26-январындагы № 10

Арстанбап айыл аймагы Арстанбап Жай-Терек жолун оңдоо жөнүндө

 

Арстанбап айыл аймагынын борборунан алыс жайгашкан, жолу татаал Жай-Терек айылын жолун жакындатуу жана жакшыртуу жагын талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Арстанбап-Жай-Терек унаа жолу жаан жааган учурда каттоого мүмкүн болбой, 55 км айланпа жол аркылуу каттоо элге бир топ түйшүк жаратып жаткандыгы эске алынсын. ,

2. Арстанбап-Жай-Терек кыска унаа жолу менен жыл ичинде үзгүлтүксүз каттоону камсыз кылуу максатында 20 км айылдар аралык жолго шагыл төгүү үчүн архитектуралык иш кагаздарын даярдап, инвестиция тартуу жолу менен жолго шагыл төктүрүү долбоору ишке ашырылсын.

3. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы И,С.Чолпонов жана Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору Б.А.Уметовторго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Арстанбап айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

 

Ж.Абдухалилов