АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 26-январындагы № 9
Арстанбап айылынын Ю. Исламов көчөсүнүн чыгыш тарабындагы 2.2 га жер аянтын багытын өзгөртүү жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин депутаттары ,Арстанбап айыл Өкмөтүнүн дотацияда отургандыгын эске алып,Арстанбап айыл Өкмөтүн дотациядан чыгарүү максатында Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жыл 22 февралдагы №85 токтомүнүн негизинде, жаш үй бүлөлөргө турак жай салуу үчүн жер менен камсыз кылуу максатында Ю.Исламов көчөсүнүн чыгыш жагындагы 2.2 га жер аянты там салганга болбогон, саздак жер болгондугуна байланыштуу,Айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу максатында,1.71 га жер аянтына муниципалдык базар курулсун ,0.49га жер аянты социалдык максатта (балдар шаарчасы,эс алуу паркы жана башка социалдык объектилер куруу) пайдаланылсын.
2. Бул кадамдар менен Арстанбап айыл Өкмөтүнүн дотациядан чыгып, 100% өзүнүн өзү каржылоосу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жыл 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторунун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонүн негизинде, Ю.Исламов көчөсүнүн чыгыш тарабындагы 2.2га жер аянтын багытын өзгөртүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И С..Чолпоновко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөонү өзүмө калтырамын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Ж.Абдухалилов |