АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 26-январындагы № 2
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2022-жылга пайдаланбай калган акча каражатынын 2023-жылда пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Тиркашевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүу бюджетинде пайдаланбай калган 8686,6 сом акча каражаттарына төмөндөгү багыттарга, 701-бөлүм 2215 бөлүмчөсүнө 350,0 миң сом, 2221 бөлүмчөсүнө 1400,0 миң сом, 3111- бөлүмчөсүнө 5056,6 миң сом, 709-ЖКХ бөлүмүнүн 2511 бөлүмчөсүнө 760,0 миң сом, 706-бөлүм 2221 бөлүмчөсүнө 1000,0 миң сом, 3112 бөлүмчөсүнө 120,0 миң сом жалпы суммасы 8686,6 миң сомго тактама- билдирүү даярдап 2023-жылдын бюджетине киргизүү КЭБнүн башчысы К.Тиркашевке милдеттентирилсин.
2. 2022-жылдын атайын каражаттан пайдаланбай калган 572,8,0 сом акча каражатын, 709-11-бөлүмдүн 2215-бөлүмчөсүнө 50,0 миң сом, 2218-бөлүмчөсүнө 368,8 миң сом, 2221-бөлүмчөсүнө 62,3 миң сом, 3112-бөлүмчөсүнө 91,7 миң сомго тактама-билдирүу даярдап 2023-жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И.Чолпоновко жана экономика бөлүмүнүн башчысы К.Тиркашевке милдеттентирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңштин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттентирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Ж.Абдухалилов |