Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 29-январы №1/3

                        

 Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү толуктоолору менен бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:

             ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо  өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Төрага

Э. Султаналиев

 

БЕКИТИЛДИ

                                                                                                 Казыбек айылдык Кеңешинин

                29-январь 2025-жылдагы

 №1/3 Токтомуна тиркеме

АК төрагасы

______________Э.Султаналиев

 

Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун

тартиби жөнүндө ЖОБО

 

                           1.Жалпы түшүндүрмө

 

«Казыбек (Жаңы-Күч,Кызыл-Туу,Кара-Булуң) айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо (мындан ары Жобо) ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.

 1.1 Бул, Жобо Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.

1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.

Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанаттуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.

1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары -айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.

1.4 “Казыбек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Казыбек айылдык кеңешинин чечими менен берилет.

1.5 “Казыбек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.

1.6 Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат.

1.7 Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын

даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

1.8 «Айылдын Ардактуу атуулу» наамынын ээсине «Казыбек (Жаңы-Күч,Кызыл-Туу,Кара-Булуң) айылынын Ардактуу атуулу» лентасы,(значок же медальон) наамды тастыктаган күбөлүк айылдык кеңештин  мөөрү менен айылдык кеңештин каттоо баракчасына катталып,токтому чыгып ошонун негизинде аталган наамга ээ болот.

II. Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына  ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

 

2.1 Наам Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар ,айылда жашап жана көпчүлүк жарандарга тааныш ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт;

2.2 Казыбек (Казыбек ,Жаңы-Күч,Кызыл-Туу,Кара-Булуң) айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы (мындан ары -наам) атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет .Наам айылдын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак даңкынын өсүшүнө кошкон жетишээрлик салымы үчүн берилет;

2.3 Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкердик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу - сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат;

2.4 Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган , бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн жана ири демөөрчүлүк жардамы көрсөтүлгөндө, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана баатырдыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн;

2.5 Жергиликтүү бюджетке ишкердүүлүгүнөн түшкөн салыгынын эсептери 1млн сомдон ашык түшүрө турган болсо автоматтык түрдө «Ардактуу атуулдукка» сунуш кылынат.

2.6 Казыбек айыл аймагына караштуу Казыбек, Кызыл-Туу, Жаңы-Күч, Кара-Булуң, айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, инвестиция тартып келген , мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга ыйгарылат.

2.7

 

Төмөндөгү инсандарга критерийлер жана талаптар  каралбай берилиши мүмкүн:

 

2.7 Согуштун ардагерлерине жана согуш жылдары оорукта эмгектенгендерге;

2.8 Казыбек айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;

- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;

- КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;

- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;

-Катары менен айылдык Кеңешке үч жолу депутат болгон эл өкүлүнө

 

III. «Казыбек (Жаңы-Күч,Кызыл-Туу,Кара-Булуң) айылынын Ардактуу атуулу» наамына сунуштоо тартиби

3.1 Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар, (айылдык кеңеш,жаштар уюму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелери),бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу;

3.2 Кайрылуу Айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат, Кайрылуу ичинде төмөндөгү документтерди камтышы зарыл:

- Ардактуу атуул наамына талапкерлердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны;

- Сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери;