Редакцияот 30.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-ноябрындагы № _3____             

      

Хан-Теңири айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды

чакыруу жөнүндө

 

Хан-Теңири айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо  үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүүгө, Элдик Курултайдын улуттук кенештин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечими менен бекитилген  “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону” жетекчиликке алып,  жергиликтүү кенеш токтом кылат

 

  1. Хан-Теңири айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо  үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү  2024-жылдын  7-декабрына Ново-Вознесеновка айылындагы маданият үйүндө өткөрүү белгиленсин.
  1. Хан-Теңири айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун” 7-пунктуна ылайык 10000ден 20000 ге чейинки калкы бар аймактардан 100 адам катышуу боюнча эсепке алынсын.
  1. Хан-Теңири айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды көрсөтүүгө жумушчу топ түзүлсүн. Жумушчу топко төмөндөгүлөр мүчө болуп киргизилишсин:

-       Жумушчу топтун төрагасы –жергиликтүү кенештин төрагасы,

-       Жумушчу топтун катчысы – жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы,

-       Жумушчу топтун мүчөлөрү: ар бир айыл боюнча жергиликтүү кенештин депутаттары;

-       Ар бир айылдын айыл башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү.

  1. Хан-Теңири айыл аймагында айылдардын калкынын санына жараша квота менен катышуучуларынын  саны төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

-       Ак-Булак айылы боюнча – 13 делегат;

-       Ак-Булуң айылы боюнча – 14 делегат;

-       Ак-Чий айылы боюнча –  9 делегат;

-       Боз-Учук айылы боюнча - 7 делегат;

-       Жыргалаң айылы боюнча - 6 делегат;

-       Ичке-Жергез айылы боюнча – 12 делегат;

-       Качыбек айылы боюнча – 6 делегат;

-       Ново-Вознесеновка айылы боюнча – 19 делегат;

-       Советское айылы боюнча  - 6 делегат;

-       Токтогул айылы боюнча – 8 делегат.

  1. Айыл аймагындагы айылдардагы коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана ага жооптуулар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Айыл аймакта Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйынды даярдоо, өткөрүү жана Элдик курултайдын делегаттарын шайлоого байланышкан чыгымдарга акча каражатын табуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жүктөлсүн.

 Төрага                                                                                                    Т.Узаков