Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 21-январындагы  №3/7

 

  Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жѳнүндѳ

 

Жергиликтүү жааматтардын катышуусунда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тууралуу маалыматтарды системалуу топтоонун жана талдоонун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө натыйжалуу жана негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна көмөк көрсөтүү максатында, ГАГСМСУнун 27.12.2024-жылдагы №01-25/352 буйругунун негизинде, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
  2. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).
  3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу  Жобого ылайык айыл аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
  4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын Тоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.

 Төрайым:

 

Г.  Бегимкулова

БЕКИТЕМИН

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрайымы: ___________Г.Бегимкулова

“  21_” январь,   2025-жылдын

№  3/7  токтомуна 1-тиркеме

 

 

Биргелешкен мониторинг  жана баалоо тобунун курамы

 

 

  1. Шамбетов Курманбек – Жаңы-Талап айылынын тургуну – топтун жетекчиси.
  2. Таштанкул кызы Гүлжаз – Жаңы-Талап айылынын тургуну – топтун мүчөсү
  3. Тынаева Айжан – айылдык кеңештин депутаты – Жаңы-Талап айылынын тургуну топтун мүчөсү
  4. Кайымбек уулу Сөңкөлбек –  Кадыралы айылынын айыл башчысы – топтун мүчөсү
  5. Ашымова Перизат – айылдык кеңештин депутаты – Кадыралы айылынын тургуну – топтун мүчөсү
  6. Майлыбашов Курманбек – Кадыралы айылынын тургуну – топтун мүчөсү
  7. Абдыжапаров Таалайбек Өкүнович – Кара-Ой айылынын айыл башчысы – топтун мүчөсү
  8. Бугубаев Эркинбек – айылдык кеңештин депутаты - Кара-Ой айылынын тургуну- топтун мүчөсү
  9. Акматова Каныш – Кара-Ой айылынын  тургуну – топтун мүчөсү
  10. Белеков Алмаз Айтикеевич -  Ак-Кыя айылынын айыл башчысы – топтун мүчөсү
  11. Чыкын кызы Назира – айылдык кеңештин депутаты – Ак-Кыя айылынын тургуну- топтун мүчөсү
  12. Султанкулов Турсунбек – Ак-Кыя айылынын тургуну – топтун мүчөсү
  13. Алыбаев Дастан Иманбекович –  Ак-Тал айылынын айыл  башчысы – топтун мүчөсү
  14. Кыдыралиев Санташбек – айылдык кеңештин депутаты – Ак-Тал айылынын тургуну – топтун мүчөсү
  15. Кабылбек уулу Марлес- Ак-Тал айылынын тургуну – топтун мүчөсү

БЕКИТЕМИН

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрайымы: ___________Г.Бегимкулова

“  21_” январь,   2025-жылдын

№  3/7  токтомуна 2-тиркеме

 

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө

Типтүү жобо

 

  1. Жалпы жоболор

          1. Ушул Типтүү жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын Типтүү уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.

2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.

БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.

БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.

3. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү. 

ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.

 

  1. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттары жана милдеттери

          4. Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча маалыматтарды системалуу негизде чогултуунун жана талдоонун негизинде ЖӨБ органдарынын натыйжалуу жүйөлүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна көмөктөшүү БМжБнын максаты болуп саналат.

          5. БМжБнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ж.б. ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу;

- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу;

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата жарандардын жана алардын бирикмелеринин коомдук пикиринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын эсепке алынышын камсыз кылуу;

- ЖӨБ органдарын сапаттуу, калыс, туура мониторингдик маалымат менен төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылуу: социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, биргелешкен иш-аракеттердин пландарын жана гендердик саясатты, айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программалары жана пландары) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды аныктоо, талдоо жана баалоо; аныкталган четтөөлөрдү жоюу боюнча чараларды андан ары аныктоо жана ишке ашыруу, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу ыргагын көзөмөлдөө; ЖӨБ органдарына иштин кемчиликтери, мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канааттанбагандыгы жөнүндө маалымдоо, ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү; аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштар боюнча БМжБнын жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды даярдоо.

- жарандарды БМжБ топторунун ишине тартуу аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө калкка маалымдоону жогорулатуу.

         

3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги принциптер жана талаптар