Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III-сессиясы

 

2025-жылдын 21-январы № 1

Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын    бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027 жылдын  бюджетинин долбоорун  бекитүү жөнүндө                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       

              Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алып, каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи  Ө. Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Бирлик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

           1.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү 23578,1  миң сом, чыгашалар бөлүгү 24209,8 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчёту жактырылсын.

           2.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 34107,6  миң сом өлчөмүндө  №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)

           3.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 34107,6 миң сом өлчөмүндө  №2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет)

           4.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен долбоор 2026-жылга кирешелер жана чыгашалар 35141,8  миң сом өлчөмүндө №3-тиркемеге ылайык, 2027-жылга кирешелер жана чыгашалар  36444,8 миң сом өлчөмүндө №4-тиркемеге ылайык жактырылсын. (№3-4-тиркемелер тиркелет)

          5.2025-жылдын жыл башына карата бюджеттик эсеп счётунда 168212 сом, акча каражаты калдык калганына байланыштуу тиркемеге ылайык бюджеттик сметага киргизилсин. (№5-тиркеме тиркелет)

          6.2025-жылдын жыл башына карата атайын эсеп счётунда 267800 сом, акча каражаты    калдык калганына байланыштуу тиркемеге ылайык бюджеттик сметага киргизилсин.          (№ 6-тиркеме тиркелет)

           7.Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык кызмат беренелерине) жүргүзүлсүн.

          8.Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар  штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйүшү мүмкүн.

          9.Бирлик  айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жылдык  бюджети, 2025-жылдын                         1-январынан баштап ишке киргизилсин.

          10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана  экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 Н.Г.Гафуров