СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 21
Бужум айылынын Ынтымак участкасынын Башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айылдык кеңешинин жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-январындагы отурумунун корутундусунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын тургуну Г.Матраимовдун 2024-жылдын 27-декабрындагы арызын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
- Бужум айылынын Ынтымак участкасына 2018-жылы шифр №33/16 түзүлгөн Башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Керектүү болгон документтерди жасап берүү жагы, шаар куруу жана архитектура департаментинен суралсын.
- Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |