Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 3-сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы №10

           Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин  ижара акысынын  өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

            

            Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы кезектеги 3-сессиясына сунушталган Исхак-Полотхай айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун  жерлерине ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылыт:

1.     Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл чарбажерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин   ижара акысынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин.

 

-Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу жакшы сууга жакын 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 3500 сом;

 

- Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу жана сууга орто 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2500 сом;

 

- Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу начар суудан алыс бош жаткан 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2000 сом;

 

-Бак категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 5000 сом;

 

- Айдоо кайрак  категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2200 сом;

 

- Чөп чабынды категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.     Ушул токтомду жетекчилике алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамасалиевге милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарба мамалекттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Г.Матажиев